"Эмнести Интернешнл" эл аралык уюму БУУнун Косоводогу миссиясын сындады. Уюм 1990-жылдардын этегинде мурдагы Югославиянын аймагында дайынсыз жоголгон карапайым адамдардын, көбүнчө сербдердин тагдыры жакшылап иликтенген жок деп эсептейт.
Amnesty International уюмунун Косово боюнча эксперти Шон Жоунстун айтымында, мындай жагдай кылмышкерлердин жазасыз калып жатышына салым кошууда. Докладда дайынсыз жоголгондордун жакындарынан түшкөн 150дөй арыз боюнча иликтөө жүргүзүлбөгөнү айтылат. Кеп негизинен “Косовону боштондукка чыгаруу армиясынын” колунан каза тапты делген этникалык сербдер тууралуу жүрүүдө.
"Эмнести Интернешнл" ошол эле маалда сербдердин куралдуу топтору этникалык албандарды уурдаган учурлар да тергелбей калганын белгилейт.