Беларустун Москвадагы элчиси Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Министрдин орун басары Григорий Карасин орусиялык “Уралкалий” ири ишканасынын башкы директору Владислав Баумгертнердин кармалышына байланыштуу нааразылыгын билдирип, окуя эки өлкө ортосундагы дос мамилелерге төп келбейт деди.
Баумгертнер "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып боюнча кечээ Минскте кармалган. Күнөөсү далилденсе, ал 10 жылга кесилиши ыктымал.
Баумгертнер Беларустун жер семирткич чыгарган компаниясы менен “Уралкалий” түзгөн биргелешкен ишкананы башкарчу. Июлда ал “Уралкалий” ишканадан чыгып жатканын жарыялаган. Ошондон кийин ири картел ыдырап, анын акциялары арзандап кеткен. Натыйжада Беларустун экономикасына катуу залака тийди.