Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Алтыбаева акыйкатчылыкка ат салышуудан баш тартты


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Айнуру Алтыбаева өз кадамын Жогорку Кеңеште бир катар маанилүү мыйзамдардын үстүнөн иштеп жатканы менен түшүндүргөн.

“Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Айнуру Алтыбаева буга чейин акыйкатчылыкка талапкер катары арыз берген. Жогорку Кеңеш акыйкатчыны сентябрь айында тандашы керек. Бул орун үчүн 54 талапкер өз арызын тапшырган.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду Жогорку Кеңеш июнь айында, кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушуна катышы бар деп акыйкатчылыктан бошоткон. Ал Жогорку Кеңештин токтомун жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылган. Бирок сот арызын канааттандырган эмес.(BkA)

XS
SM
MD
LG