Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Ислам фондун түзүү сунушталууда


Мындай сунуш 27-августта президент менен жолуккан кезде эксперттер тарабынан айтылды. “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликовдун “Азаттыкка” билдиришинче, президентке караштуу ислам маданиятын жана билим берүүсүн өнүктүрүү боюнча фонд түзүү зарыл. Ал фонд Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө жана коопсуздугуна шайкеш келген исламды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүшү керек. Мамлекет башчысы өз кезегинде сунуштар дыкат иликтенип жана мамлекеттик органдардын ишинде эске алынарын убада кылды.

Шейшембиде президенттин алдындагы дин жана улут аралык мамилени өнүктүрүү боюнча эксперттик кеңештин жыйыны өттү. Жыйын өлкөдөгү диний кырдаалга жана андагы маселелерге арналды. Жыйында президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө диний жаатта бир катар көйгөйлөр бар экенин айтып, бул тармакты мамлекет өз көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи. Коомдук эксперттик кеңеш этностор аралык, конфессиялар аралык мамилени өнүктүрүү жана мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн. Анын негизги милдети аталган тармактардагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат. Кеңешке диний эксперттер, укук коргоочулар жана окумуштуулар мүчө. (КЕ/ZB)

XS
SM
MD
LG