Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Дзюдочу Азат Кубакаев исландиялык Давид Кратч менен беттешет


Бүгүн Бразилиянын борбору Рио-де-Жанейро шаарында дзюдо күрөшүнөн дүйнө чемпионатында 73 кило салмакта өлкө намысын коргогон Азат Кубакаев биринчи беттешүүсүн исландиялык Давид Кратч менен өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” дзюдо федерациясынын вице-президенти Талант Беккулов кабарлады.

27-августта 66 кило салмакта Ислам Баялинов алгачкы атаандашы камерундук Усман Адамды утуп, экинчи таймашта испаниялык Сугоем Уриартеден жеңилип калды. Бразилиядагы убакыттын айырмасы 9 саат артта болгондуктан таймашуулар Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де болду.

Дүйнө чемпионатына 125 өлкөнүн жети жүздөй тандалган балбаны катышууда. Каражаттын тартыштыгынан жана жолдун алыстыгынан улам Кыргызстандан 5 балбан гана катышууда. Алар: Ислам Баялинов, Азат Кубакаев, Чыңгыз Мамедов, Болот Токтогонов жана Юрий Краковецкий. Чемпионат 26-августта башталган, 1-сентябрда жыйынтыкталат. (КМа/КЕ)

XS
SM
MD
LG