Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Чаткалдык дарыгер укугу бузулганын айтууда


Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык Кеңешинин депутаты жана ушул эле
айылдык оорукананын башкы дарыгери Фарида Ташбалтаева “Азаттыкка”
кайрылды.

Анын айтымында, бүгүн БШКнын Чаткал районундагы өкүлү Ашыркул Кулуев “же депутаттыкты, же дарыгерликти танда!” деп, депутаттыктан баш тартуу тууралуу арыз жазууну талап кылган. Фарида Ташбалтаева муну укук бузуу катары эсептөөдө.

Ал эми БШКнын Чаткалдагы өкүлү Ашыркул Кулуев жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу тууралу мыйзамга 2013-жылы өзгөртүү киргизилгенин, ага ылайык муниципалдык мекемелерде (билим берүү, саламаттыкты
сактоо жаатында) иштегендер депутат боло албасын билдирди.

Терек-Сай айылдык Кеңешине депутаттарды шайлоо 18-августта болуп өткөн. Кеңештин депутаттыгына 29 адам талапкер болуп, он бир адам шайланган. (YA)

XS
SM
MD
LG