Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Амур дарыясында суу дагы эки күн көтөрүлөт


Орусиянын Хабаровск шаарынын жанында суунун деңгээли бүгүн 741 сантиметрге көтөрүлдү. Бул 1987-жылкы тарыхый жогорку чектен дээрлик бир метрге жогору. Гидрологдордун айтымында, суу кеминде дагы эки күн көтөрүлөт.

"Азаттыктын" Орус кызматынын кабарчысы маалымдагандай, жакынкы сааттарда жолду суу каптоо коркунучунан улам Хабаровск – Комсомольск-на-Амуре жолу жабылышы ыктымал.

Кечээ президенттин Ыраакы Чыгыштагы өкүлү Виктор Ишаев жаратылыш кырсыгынан 100 миңдей киши зыян тартканын билдирген.

Амур облусунун 3 районунда, Еврей автономиялуу облусунда, Якутия жана Хабаров крайында 190 айыл-кыштакта 10 миңге жакын турак жайды суу каптады. Материалдык зыян 30 миллиард рублдан ашышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG