Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:55

Сууга аккан эки адам изделүүдө


Бир жума мурун жол кырсыгынан улам Кара-Суу дарыясына агып кетип, табылбай жаткан эки адамды ( 2010- жылы туулган  М. Миталипованы жана  2001-жылы төрөлгөн Ж. Юсупжанованы) издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Издөө ишине ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 20 куткаруучусу, 6 милиция жана Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылынын 30 тургуну катышууда.

21-август күнү түнкү саат  22:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун
373-чакырымында, Кара-Көл шаарынын Капчыгай участкасында Бишкек тараптан келе жаткан «Тойота Каролла»  үлгүсүндөгү автоунаа Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен.

Кырсыктан бир  адам жабыр тартып, жетөө набыт болгон. Көз жумгандардын
ичинен төрт адамдын сөөгү сууга агып кеткен. 23-24-августта эки адамдын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. (YA)

 

XS
SM
MD
LG