Президент Алмазбек Атамбаев Баткендин Самаркандек айылында шахта ураганда каза болгон үч адамдын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
13-август күнү кечке жуук аккан селден Самаркандек айылындагы көмүр шахтасына суу толгон. Анда иштеп аткан беш кишинин экөө качып чыгып, үчөө шахта ичинде калган. Шахта алдында калгандардын бири, 36 жаштагы Бакыт Айдаровдун сөөгү табылып, туугандарына берилген. Ал эми бир туугандар Тажыбай жана Сатар Абдрахмановдордун сөөгү табылбаган соң, 22-августта 10 күнгө созулган издөө иштери токтотулган. (BkA)