Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Жети-Өгүз: митинг уюштуруучулары 3 миллион доллар талап кылганы айтылууда


Бул тууралуу шаршемби кечинде Коомдук телеканалда көрсөтүлгөн видео тасмада айтылат. Анда май айындагы Жети-Өгүздөгү Кумтөргө каршы нааразылык акциясынын уюштуруучулары делген Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курманов аттуу жарандар "Кумтөр оперейтинг” компаниясынын туруктуу өнүгүү боюнча директору Дуглас Гриерден 3 миллион доллар талап кылганы көрсөтүлгөн.

Алар бул акча берилсе, нааразылык акциялары токтотуларын убада кылышкан. Коомдук телеканал аталган тасма Улуттук коопсуздук комитетинен алынганын жана бул окуя боюнча кылмыш иши ачылганын кабарлоодо. Бул боюнча азырынча күч органдары расмий билдирүү жасай элек. Тасма көрсөтүлгөн соң кечээ кечинде Жети-Өгүздүн Саруу айылында жергиликтүү тургундар чогулуп, Бишкек-Каракол жолун торой турганын билдиришти. Май айында милиция менен митингчилер ортосунда башаламандык чыккан нааразылык акциясы дал ушул Саруу айылында башталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG