Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Кыргыз-өзбек чек арасын тосмолоо уланууда


Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, быйыл казынадан кыргыз-өзбек чек арасын 20 чакырымга тикен зым менен тосмолоо үчүн каражат бөлүнгөн. Бул каражаттан Бишкек-Ош жолунун бойлой Коон-Базар аймагында 1 чакырым кыргыз-өзбек чек арасын тикен зым менен тосмолоо иштери жүрүп жатат. Азыркы учурга чейин 330 метри тосулуп бүттү. Мындан башка Баткендеги Өзбекстандын Сох анклавынын айланасын тосмолоо иштери да уланмакчы. (BkA)

XS
SM
MD
LG