Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:48

Ооганстан: аскер базасына талибдер кол салды


Шаршембиде өлкө чыгышындагы аскер базасына кол салуудан 7 адам каза болду, ондогон адам жараат алышты. Талибдер Газнидеги базага кол салуудан мурда анын айланасында мина катылган автоунааларды жардырышкан. Андан соң базадагы ооган жана польшалык аскерлер менен алты саатка созулган атышуу болду.

Газни провинциясынын губернаторунун орун басарынын айтымында, бул атышуудан төрт полиция, 3 жайкын тургун мерт кетти. 10 польшалык жана 52 ооган аскери жараат алды. Талибдерден канча адам каза болгону белгисиз.

Шаршембиде өлкөнүн башка аймактарында да кол салуулар катталды. Гильменд провинциясындагы кол салуудан үч аскер, 10 жайкын тургун апаат болуп, 20дан ашык адам жараат алды. Батыштагы Фарах аймагында 40 күйүүчү май ташыган унаа аткыланып, андан төрт айдоочу жан берди.

XS
SM
MD
LG