Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Токтонасыров Казакстандын элчилигинин алдында акция өткөрөт


Анда укук коргоочу казак бийликтерин гумандуулукка чакырып, камактагы 11 кыргыз жаранын бошотууну суранат. Токтонасыровдун айтымында, ал жарандар Казакстандын аймагына кокусунан кирип кеткен.

Ушул жылдын июнь-июль айларында "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып менен казак чек арачылары 11-июлда Ысык-Көлдүн 13 тургунун кармап кеткен. Кыргыз малчылары Көк-Көл жайлоосунда мал издеп жүрүп коңшу өлкө тарапка өтүп кеткени айтылууда. Кийин алардын экөө бошотулган. Ушул тапта 11 жаран Казакстандын убактылуу кармоо жайларында кармалып турат. (BkA)

XS
SM
MD
LG