Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:22

Москва: Сирияга сокку уруу чакырыктары БУУнун хартиясына каршы келет


Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатилов Сириядагы аскердик операцияга чакырыктар Улуттар уюмунун хартиясына шек келтирет деп билдирди. Мындай комменатрийди ал Гаагада БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушууда жасады. Москва эл аралык инспекторлор иликтөөсүн аяктамайынча, химиялык чабуулга жооп кайтаруу маселесин талкуулоо эрте деп эсептейт.

Президент Барак Обама АКШ жүздөгөн адамдын өлүмүнө алып келген чабуулду Дамаск өкмөтү ишке ашырган деген тыянакка келгенин айтып, ошол эле маалда аскерий чаралар тууралуу чечим кабыл ала электигин белгиледи.

Бүгүн Британ парламенти бул маселени талкууламакчы. Премьер-министр Дэвид Камерондун айтымында, БУУнун инспекторлору ишин бүтүрмөйүнчө операция боюнча чечим кабыл алынбайт.

XS
SM
MD
LG