Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Ооганстанда талиптер полицияга кол салды


Кечээ кечинде Ооганстандын батышында талиптер менен аткылашууда 15 полициячы окко учту, 10го жакыны жараат алды. Фарах вилайетинин губернаторунун маалымат катчысы Абдул Рахман Завандайдын ырастоосунда, полициянын кайгуулу Бала Булак чөлкөмүндөгү ашуудан өтүп бараткан кезде буктурмага кабылган. Аткылашууда полициянын 4 машинеси керектен чыкты.

Ошол эле күнү коопсуздук кызматынын жетекчилеринин бири Бала Булакта ири операция башталып жатканын "Азаттыктын" ооган редакциясына маалымдаган. Кандагар менен Герат шаарларын байланыштырган жолдун таманында орун алган ал жерде соңку маалда ары бери өткөн машинелерге кол салуулар күчөгөн.

XS
SM
MD
LG