Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:04

Ингушетияда президенттик шайлоо 8-сентябрда болот


Ингушетия парламенти президенттик шайлоо өтчү күндү белгиледи. 8-сентябрда биринчи жолу жумурияттын жетекчисин эл эмес, депутаттар шайламакчы.

Жыл башында Ингушетия жана Түндүк Кавказдагы дагы бир жумурият - Дагестан президентти тикелей шайлоодон баш тартышкан. Апрелде орус мамлекет башчысы Владимир Путин тиешелүү мыйзамга кол койгон.

Ушул айдын башында Путин үч талапкерди – азыркы жетекчи Юнус-Бек Евкуровду, бийликтеги “Бирдиктүү Россия” партиясынын регионалдык лидери Урусхан Евлоевди жана парламент спикери Магомед Татриевди сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG