Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Аба ырайы: жаан жаайт


Синоптиктердин берген маалыматына ылайык, 30-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, айрым жерлерде күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Ысык-Көл акваториясында 19-24 метр болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 18...23 градус болот. Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 17...22 градус, Жалал-Абад жана Ош облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26 градуска чейин көтөрүлөт. Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22 градуска жетет. Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24 градуска чейин абанын температурасы көтөрүлөт.

Борбор калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12...14, күндүз 20...22 градус болот.

XS
SM
MD
LG