Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Муфтий ажылык боюнча суроолорго жооп берет

Муфтий Рахматулла Эгембердиев мусулмандар дин башкармалыгынын иштерине, ажылыкка байланыштуу бардык суроолорго жооп берет.

"Муфтий менен эртең, орозодо чогулган садака-битирди Беловодскидеги майып балдар үйүнө тараткан учурда маектешүүгө болот",- деп билдирди башкармалыктын маалымат кызматы.

Муфтият кечээтен тарта орозо айында чогулган каражатты муктаждарга, социалдык мекемелерге таратып жатат. Азырынча Ош, Бишкек шаарлары жана Чүй облусунан 3 миллион сомдон азыраак каражат чогулган.

Быйылкы ажылык сапарды уюштуруу боюнча дин башкармалыгын коррупцияга күнөөлөгөн сындар айтылып жатат. (AKu)
XS
SM
MD
LG