Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

БУУнун инспекторлору Сириядан ишембиде кетишет


БУУнун Сириядагы инспекторлору химиялык чабуул тууралуу маалыматтарга тиешелүү материалдарды өлкөдөн кеткенден кийин баш катчыга тапшырышат. Бул тууралуу билдирген Пан Ги Мун текшерүүчүлөр тобу Сириядан ишембиде жөнөшөөрүн кошумчалады.

Президент Барак Обама АКШ жүздөгөн адамдын өлүмүнө алып келген чабуулду Дамаск өкмөтү ишке ашырган деген тыянакка келгенин айтып, ошол эле маалда аскерий чаралар тууралуу чечим кабыл ала электигин белгиледи.

Брунейде АСЕАНдын коргоо министрлеринин жыйынына катышып жаткан Пентагондун башчысы Чак Хэйгел Вашингтон Сирия маселесин өнөктөштөрү менен талкуулап жатканын билдирип, “Сирияга каршы чара көрүлө турган болсо, ал биргелешкен аракеттер болоорун” белгиледи. Орусия аскердик чара БУУнун хартиясына шек келтирет деп эсептейт. Кытай да күч колдонууга жана инспекциянын тыянагы белгилүү боло электе кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга каршы.

XS
SM
MD
LG