Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Бин Ладенди кармоого жардамдашкан догдур кайра соттолот


Пакистандын жогорку судьяларынын бири Усама бин Ладенди колго түшүрүүгө көмөктөшкөн догдурду 33 жылга кескен өкүмдү жокко чыгарды. Пешаварда орун алган чек арадагы кылмыштар боюнча атайын соттун жогорку комиссары Сахибзада Мохаммад Анис Шакил Афридинин сот процессин кайрадан өткөрүү буйругун берди. Анис догдурду соттогон судьянын ыйгарымдары жетиштүү эмес болчу деп чечти.

Африди “ал-Каиданын” ана башы Усама бин Ладен жашырынган Абботтабадда жалган эмдөө кампаниясын жүргүзүп, ЦРУга ошол кездеги номур биринчи террористти кармоого жардамдашкан. АКШ каарман деп санаган Афридинин соттолушуна нааразы болуп, Пакистанга 33 миллиондук жардам берүүнү токтотуп койгон.

XS
SM
MD
LG