Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Жети-Өгүз: Бахтияр Курмановдун кармалганы айтылууда


Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысына Жети-Өгүздүн Саруу айылынын тургундары кабарлашты. Маалыматка ылайык, Курмановду кечээ түнү УКМКнын кызматкерлери кармап, Караколго алып кетишкен. Бул маалыматты коопсуздук комитети тастыктай элек.

Май айындагы "Кумтөргө" каршы нааразылык акциясынын уюштуруучулары делген Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курмановго аталган компаниянын жетекчилигинен опузалап акча талап кылган деген айып менен кылмыш иши козголгон.

Ага чейин маалымат каражаттарында Жунушбаев жана Курманов “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылганы тууралуу тасма көрсөтүлгөн. Алар бул акча берилсе, нааразылык акциялары токтотуларын убада кылышкан. Кылмышка шектелгендер айыпты четке кагып, жакындары бейшембиде Каракол-Балыкчы жолун буушту. (MK\BkA)

XS
SM
MD
LG