Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:29

"Кумтөрдөн" акча талап кылды делгендер камакка алынды


“Кумтөр оперейтинг” компаниясынан опузалап акча талап кылды деп шектелген Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курманов камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Калыс Жудеев кабарлады. Анын айтымында, кылмышка шектелгендер өткөн түнү кармалды. Учурда алар облустук милицияда сурак бере баштады.

Май айындагы Кумтөр кенин иштетүүгө каршы нааразылык акциясынын уюштуруучулары делген Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курмановго “Кумтөрдүн” жетекчилигинен опузалап акча талап кылган деген айып менен кылмыш ишти УКМК козгогон.

Ага чейин маалымат каражаттарында Жунушбаев жана Курманов “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылганы тууралуу тасма көрсөтүлгөн. Алар бул акча берилсе, нааразылык акциялары токтотулаарын убада кылган. Кылмышка шектелгендер айыпты четке кагып, тарапкерлери бейшембиде Каракол - Балыкчы жолун бууган. (MK\BkA)

XS
SM
MD
LG