Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

Баткен: орто мектептерге 10 миңдей парта жетпейт


Бул тууралуу Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун директору Мэхринса Айжигитова мугалимдердин августтагы кеңешмесинде билдирди. Анын айтымында, облус боюнча 230 жалпы билим берүүчү орто мектепте окуучулар үчүн 9654 парта, 16317 отургуч жана 1840 шкаф, 1503 компьютер жетишсиз.

Облуста орто мектептер китеп менен 79% камсыздалган. Китеп тартыштыгы айрыкча орус, тажик, өзбек тилдүү мектептерде басымдуу. (JsA)

XS
SM
MD
LG