Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Дүйшеев: “Ак жол” өтмө бекетинде тыгын жок


Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” өтмө бекетиндеги Чек ара көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Абдыш Дүйшеев бекетте унаа тыгыны пайда болуп, жүргүнчүлөр ары-бери өтүүдө кыйынчылык жаралды деген маалыматты четке какты.

Анын айтымында, Казакстандан дагы деле туристтер келип жатат, мисалы күнүнө кеминде онго жакын туристтик автобус өтүүдө. “Кара тумоого байланыштуу Казакстандын башкы санитардык дарыгеринин орун басары Кордайга келип жыйын өткөргөн. Анда өткөрмө бекет жабылбай турганын, тоскоолдук болбосун айтып, санитардык норма үчүн ары-бери каттагандардын дене табын текшерүүчү жабдуулар гана орнотуларын билдирген.

Азыр “Ак жолдон” жалпысынан күнүнө 20-25 миңге чейин адам, бир жарым миңден ашык унаа кадимкидей эле кыйынчылыксыз өтүп жатат”, - дейт Дүйшеев. Буга чейин айрым социалдык түйүндөрдө колдонуучулар каттам кыйындаганы тууралуу маалымат жазып жатышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG