Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Сариев: сырттан келген акчалар максаттуу жумшалбай жатат


Экономика министри Темир Сариев мындай пикирин бүгүн Стамбулдагы кыргыз ишкерлердин дүйнөлүк форумунда суроолорго жооп берип жатып билдирди. Министрдин айтымында, өткөн жылы өлкөдөн тышта жүргөн мигранттардан бейрасмий санак боюнча 3 млрд. долларга жакын каражат келип түшкөн. "Бирок бул каражаттарды максаттуу, өлкөнүн экономикасына пайдасы тийгендей кылып жумшай албай жатабыз",- деп моюнуна алды министр.

Экономика министри 1-июлдан тартып 31-декабрга чейин Кыргызстанда кыймылсыз, кыймылдуу мүлктөрдү мыйзамдаштыруу башталганын эскертти. Анын айтуусунда, жарандын 45 млн. сомго чейинки мүлкү акысыз катталат, андан ашканынан 10% алынат.

Сариевдин айтуусунда, Кыргызстанга инвестиция салууну каалагандар көп. Бирок менчикке кол салып, рейдерлик кылуудан сырткы да, ички да инвесторлордун кызыкчылыгы өчүп жатат, жасалган иштин бутуна туруп кетүүсүнө кепилдик жок.

Түркиянын Стамбул шаарында кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк форуму өтүп жатат. 29-августта башталган форумга Кыргызстан, Түркия, АКШ, Кытай, Корея жана башка мамлекеттерде ишкерлик кылган жүздөн ашуун кыргызстандыктар катышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG