Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Жарым жылда 2 миллионго жакын турист келди


Быйыл жарым жылда Кыргызстанга 1 млн. 807 миң 144 турист келген. Бул тууралуу туризм департаментинин жаңы башчысы Максат Чакиев “Азаттыкка” билдирди.

- Биз негизги үч багытта иш алып барганы жатабыз. Биринчиси - туризмди өнүктүрүү стратегиясы, экинчиси - маркетинг, Кыргызстанды Түркия, Таиланд сыяктуу дүйнөгө таанытуу. Үчүнчүсү - инфраструктураны жакшыртуу. Ага тейлөө, коопсуздук, чек ара бекеттеринен өтүүнү жеңилдетүү кирет”, - деди Чакиев.

Туризм департаментинин маалыматына ылайык, эс алуучулардын басымдуу бөлүгү Казакстан, Орусия жана Өзбекстандын жарандары. Европа өлкөлөрүнүн ичинен Германиядан келген туристтер арбын. Алар көбүнчө экотуризмге, тоого кызыгат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG