Чүй облусунун Аламүдүн районунда жашы жетек элек кызды зордуктоого шектелип, 19 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 15 жаштагы кыз өткөн жылы октябрь айында зордукталган. Окуя тууралуу кыздын ата-энелери ушул жумада кабардар болуп, милицияга кайрылган.
Жабырлануучунун көрсөтмөлөрү менен жергиликтүү С.И. аттуу жаран кармалып, күнөөнү моюнуна алган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси – зордуктоо боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоо жайына камакка алынды. (SE)