Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:05

“Кара-Суу таланттары-2013” фестивалы өтөт


Бүгүн Кара-Суу шаарынын борбордук аянтында “Кара-Суу таланттары-2013” деген аталышта фестивал өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондун акими Тилек Матраимов билдирди. Анын айтымында, саат 18.00дө башталчу иш-чарада райондун ар кайсыл аймактарынан келген 47 катышуучу күч сынашат.

Иш-чара эстрадалык ырлардын, бийлердин сапатын көтөрүү жана райондогу чыгаандардын чыгармачылыгын радио, теле, басма сөз беттери аркылуу элге таанытуу максатын көздөйт. Катышуучулардын улутуна, динине жана жынысына чектөө коюлган эмес.

Фестивалдын байге фондуна жергиликтүү бийлик 200 миң сом бөлгөн. Баш байгеге 60 миң, 1-орун 45 миң, 2-орун, 40 миң, 3-орунга 35 миң жана көрүүчүлөрдүн тандоосуна 5 миң, эң мыкты кийимге 10 миң, мыкты аранжировкага да 5 миң сом акчалай сыйлыктар ыйгарылат. Мындай иш-чара Кара-Суу районунда алгачкы жолу болууда. Ал Эгемендиктин 22 жылдык маарекесине карата уюштурулган. (SE)

XS
SM
MD
LG