Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

БУУ инспекторлору Сириядан кетти, АКШ аскерий операцияны караштырууда


БУУ инспекторлору Дамасктагы аскерий ооруканага келген учур. 30-август, 2013-жыл.
БУУ инспекторлору Дамасктагы аскерий ооруканага келген учур. 30-август, 2013-жыл.
БУУ инспекторлору Сириядан бүгүн эртең менен АКШ Сирия өкмөтүнө каршы аскерий операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жаткан кезде кетти.

Президент Барак Обаманын жума күнкү сөздөрүнө караганда, ал акыркы чечимди азырынча кабыл ала элек. Бирок Обаманын айтымында, Вашингтон ал белгилегендей “чектелген жана багыты кууш” аскерий операцияны караштырууда:

- Дүйнөдө биз химиялык куралдардын колдонулушуна каршы нормалардын сакталышын камсыз кылгыдай милдеттеме бар. Мен азыр бул нормалардын сакталышына жардамдашуу үчүн көрүлүшү мүмкүн болгон түрдүү чаралар боюнча соңку чечимге келе элекмин.

АКШнын чалгын кызматынын баяндамасында америкалык расмий өкүлдөрдө 21-августагы химиялык газ чабуулун Сирия режими жасаганы боюнча “ишеним жогору” экени айтылган. Ал чабуулдан баяндамада айтылгандай,1429 кишинин өмүрү кыйылган.

Сирия өкмөтү болсо бул маалыматтарды “жасалма” жана “калп” деп айыптады.

БУУнун инспекторлору төрт күн борбор Дамасктын жанында химиялык курал колдонулганы боюнча иликтөө жүргүзүштү. Алардын жыйынтык баяндамасы качан жарыяланары азырынча айтыла элек.

Бул аралыкта Сирия өкмөтүнүн узактан берки өнөктөшү - Орусия аскер күчүн БУУнун уруксатысыз колдонуу эл аралык мыйзамды бузгандык болорун билдирди. АКШга Сирия өкмөтүнө сокку урууда кошулуу ниетин азырынча Франция гана ачык ишара кылды. Британияда парламент мындай кадамга макулдук берген жок.

Ал эми Түркиядан премьер- министр Режеп Тайып Эрдоган Сирияга эл аралык аскерий кийлигишүү президент Башар Асадын бийлиги бүтүшүнө алып баруусу керектигин белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG