Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Жогорку Кеңештин алтынчы сессиясы 3-сентябрда ачылат


Жогорку Кеңештин алтынчы сессиясы 3-сентябрда расмий түрдө ачылат. Ошол эле күнү депутаттар тармактык комитеттерде иш баштайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Конституциянын 77-беренесине жана “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамга ылайык, парламент сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүндө башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин улантылат.

Депутаттар июнь айынын соңунда кезектеги тыныгууга тараган. (SE)

XS
SM
MD
LG