Жогорку Кеңештин Акыйкатчы (Омбудсмен) институтун өркүндөтүү маселесине арналган көчмө жыйыны 3-сентябрда өтөт. Аны парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети уюштурууда. Жыйын Бишкектеги “Хаят” мейманканасында болот. Ага жарандык коомдун өкүлдөрү менен омбудсмендик кызматка талапкерлер да чакырылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
27-июнда парламент Турсунбек Акунду акыйкатчылыктан алуу чечимин кабыл алган. Бул орунга сынак жарыялап, 15-августка чейин талапкерлерден документ кабыл алынган. Турсунбек Акун парламенттин бул чечими мыйзамсыз экенин айтып сотко кайрылган.
Акыйкатчынын ордуна 50дөн ашуун талапкер болуп катталган. Шайлоо Жогорку Кеңеште сентябрь айында өтөт. (SE)