Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Түркияда кыргыз ишкерлеринин форуму аяктады


Стамбул шаарында 29-август күнү башталган кыргызстандык ишкерлердин экинчи бизнес форуму бүгүн аяктады. Ага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө жашаган кыргызстандык ишкерлер катышып, биримдикти чыңдоо, ишкерликти өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Форумда белгилүү болгондой, Кыргызстанда жана чет жактарда эмгектенген кыргызстандык ишкерлердин өлкө экономикасына пайда келтирүү максатында инвестиция салуу жана аны максаттуу пайдалануу багытында көп үлүштүү акционердик коому түзүлмөкчү.

Быйылкы форумга жүздөн ашуун ишкерлер катышты. Иш-чараны Түркиядагы кыргызстандыктардын «Кыргызстан» достук жана маданият коому эки жылдан бери уюштуруп келет. (ZKO)

XS
SM
MD
LG