Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:46

АКШ президенти Сирия режимине каршы аскерий чара көрүү керек деп чечти


Барак Обама бул тууралуу ишембиде Вашингтондон мамлекеттик катчы Жон Керри, коргоо министри Чак Хагел, АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы Мартин Демпси катышкан жыйындан кийин жарыялады:

- Абдан кылдат ойлонгондон кийин мен АКШ Сирия режиминин буталарына каршы аскерий чара көрүшү керек деп чечтим. Бул ачык интервенция болбойт. Биз өтүгүбүз менен баспайбыз. Мунун ордуна биздин аракеттер масштабы жана убактысы жагынан чектелет. Бирок мен биз Асаддын режимин химиялык курал колдонгону үчүн жоопкерчиликке тартабыз, мындай жүрүм-турумдан кармантып, аны жүзөгө ашыруу кубатын азайтабыз деп ишенем.

Обама бул “чектелген” аскерий операцияга Конгресстин макулдугун алууну көздөйт.

АКШ президенти кошумчалагандай, Сирия режимине каршы аскерий операция БУУнун Коопсуздук кеңеши күч колдонууга уруксат берген резолюцияны кабыл алар-албасына карабастан боло берет.

АКШ Конгресси жайкы эс алуудан 9-сентябрда кайтат. Талкуу мына ошондо башталчудай. Конгресстин лидерлери Обаманын Сирия боюнча операцияга мыйзам чыгаруу бийлигинен уруксат алуу ниетин кубатташты.

АКШнын чалгын кызматынын буга дейре жарыяланган баяндамасында америкалык расмий өкүлдөрдө 21-августтагы химиялык газ чабуулун Сирия режими жасаганы боюнча “ишеним жогору” экени айтылган. Ал чабуулдан, бандамада айтылгандай, 1429 кишинин өмүрү кыйылган. Сирия өкмөтү болсо бул маалыматтарды “жасалма” жана “калп” деп айыптаган.

Ал эми орус президенти Владимир Путин кечээ Сирия өкмөтүнүн аскерлери козголоңчулар менен урушта жеңип жаткан шартта химиялык курал колдонуусун “логикага сыйбай турган” иш, андай айыптарды “болбогон кеп” деп атап, АКШны муну далилин БУУнун инспекторлоруна жана Коопсуздук кеңешине берүүгө үндөгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG