Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:25

Алматыда концерт тополоң менен коштолду


Орус жана казак маалымат агенттиктери билдиргендей, тополоң таанымал ырчы Кайрат Нуртастын “Прайм Плаза” соода жана көңүл ачуу борборундагы концерти үзгүлтүккө учурагандан кийин башталган.

Концерт улантылбай турганын билген кээ бир көрүүчүлөр сахнаны, аппаратураларды талкалашкан. Тополоңго концертке чогулган жүздөгөн жаштар тартылган.

Tengrinews агенттигинин билдиргенине караганда, көчөдө бир нече машине өрттөлгөн. Полициянын маалыматына караганда, тополоңчулар башка жерде да массалык мушташ уюштурушканда кошумча күч чакыртылган.

Алматынын полициясы коомдук тартип калыбына келтирилип, бир нече жаран кармалганын маалымдады. Тополоңдо жабыр тарткандар тууралуу азырынча расмий маалымат түшө элек. (UE)

XS
SM
MD
LG