Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Кара-Суу дарыясына агып кеткендерди издөө убактылуу токтоду


Он күн мурда Бишкек-Ош жолунун боюндагы Кара-Суу дарыясына агып кеткен эки баланы издөө иштери 31-августта убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. Издөө иштеринин токтотулушунун себептери жана качан улантылаары азырынча маалым эмес.

21-августта Бишкек-Ош жолунун 373-чакырымында, Кара-Көл шаарына жакын аймакта “Тойота-Королла” үлгүсүндөгү машине жол боюндагы дарыяга түшүп кеткен. Ага айдоочунун рулду башкара албай калганы себеп болгону айтылган. Кырсыктан бир адам жабыркап, жети киши каза болгон.

Дарыядан крандын жардамы менен автоунааны чыгаруу маалында анын ичинде калган төрт адамдын сөөгү сууга агып кеткен. Анын экөө табылып, калган экөө - 3 жаштагы М.Миталипова жана 12 жаштагы Ж.Юсупжанова изделип жаткан болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG