Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

“Жибек жолунун жылдыздары” аттуу эл аралык фестивал өтөт


“Жибек жолунун жылдыздары” деп аталган алгачкы эл аралык музыка фестивалы Кыргызстанда өтөт. 3-сентябрдан 14-сентябрга чейин улана турган иш-чараны Бишкек Lions клубу менен Германиянын Аморбах-Мильтенберг Lions клубдары биргеликте уюштурууда.

Клубдун мүчөлөрү “Азаттыкка” маалымдашкандай, фестивал Ысык-Көлдө жана Бишкектеги улуттук филармонияда, Улуттук консерваторияда жана Улуттук музейде болот. Иш-чарага негизинен жаш музыканттар катышат. Кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү келээри тууралуу жана катышуучулардын саны жөнүндө азырынча маалымат айтыла элек. (SE)

XS
SM
MD
LG