Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Жогорку Кеңештин 75 жылдыгына карата конференция өтөт


Жогорку Кеңештин 75 жылдыгына карата «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 75 жылдыгы: Мыйзам чыгаруу ишинин абалы жана анын келечеги» деген теманын алкагында илимий-практикалык конференция болот.

Иш-чара 5-сентябрда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинде өткөрүлөөрүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Конференцияда парламенттин өткөн күндөрү жана келечеги тууралуу баяндамалар угулуп, кемчиликтер талкууланат.

Жогорку Кеңеш - мыйзам чыгаруу бийлигинин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөл кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу орган болуп эсептелет. Курамында партиялык тизме боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутат бар.

Эл эсинде "Легендарлуу парламент" деген ат менен калган Кыргыз ССР Жогорку Советинин акыркы 12-чакырылышы 1990-жылы шайланган. Ал кийин Жогорку Кеңеш деген аталыш менен иштей баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG