Сириянын президенти Башар Асад өлкө агрессиянын түрдүү формасынан коргоноорун эскертти. Мындан бир аз баштараак Сириянын премьер-министри
Ваэл ал-Халки дагы ушул өңдүү билдирүү жасап, Сириянын куралдуу күчтөрү толук даярдыкка келтирилгенин ырастаган.
АКШнын президенти Барак Обама ишемби күнү Сирия режимине каршы аскерий чара көрүү керек деп чечти. Бирок бул чечимди ишке ашыруу үчүн Конгресстин макулдугу керек.
АКШ Конгресси жайкы эс алуудан 9-сентябрда кайтат. Талкуу мына ошондо башталчудай. Конгресстин лидерлери Обаманын Сирия боюнча операцияга мыйзам чыгаруу бийлигинен уруксат алуу ниетин кубатташты.
АКШнын чалгын кызматынын буга дейре жарыяланган баяндамасында америкалык расмий өкүлдөрдө 21-августтагы химиялык газ чабуулун Сирия режими жасаганы боюнча “ишеним жогору” экени айтылган. Ал чабуулдан, баяндамада айтылгандай, 1429 кишинин өмүрү кыйылган. Сирия өкмөтү болсо бул маалыматтарды “жасалма” жана “калп” деп айыптаган.
Ишемби күнү Сириядан Нидерландыга Бириккен улуттар уюмунун инспекторлору кайтышты. Алар бир нече күн химияык курал колдонулду делген жерлерди изилдешкен. Чогултулган материалдар анализге европалык лабораторияларга тапшырылат.