Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Сочиде мигранттарды шаардан чыгаруу башталды


1-сентябрдан тарта Сочиде мыйзамсыз жүрөт делген мигранттардын шаардын кичи райондорунан чыгаруу боюнча аймактык программа иштей баштады. «Азаттыктын» орус кызматынын кабарчысы Андрей Королёв мындай буйрукту Краснодар крайынын губернатору Андрей Ткачев бергенин кабарлоодо.

Бул документке ылайык, эмгек мигранттары Сочидеги олимпиадалык объектилерде жумуш бүтөөрү менен дароо үйлөрүнө кетиши керек. Мисалы эмгек макулдашуулары боюнча жумуш берүүчүлөр курулуш иштер бүткөң соң он күн ичинде мигранттарды аймактан өздөрү чыгарышы керек.

Ар бир 44 жумуш берүүчү “гастарбайтерледин реестрин” түзүшү керек жана мигранттарга айлык төлөөрдүн алдында үйүнө билет сатып алышы зарыл.

Жекшемби күнү Сочиде полиция мигранттар жашайт делген райондордо атайын оперция баштады. Кармалып, бирок шаардан кетүүдөн баш тарткан мигранттар Лазарев районундагы Вардане айылындагы мигранттар үчүн лагерге жеткирилет.

Бул жакта келгиндер депортацияга чейин кармалат. Түрдүү маалыматтар боюнча, Сочиде азыр 30 миңден 60 миңге чейин мигрант бар, алар көбүнчө олимпиадалык объектилерди куруу иштеринде кара жумуш аткарышат.

XS
SM
MD
LG