Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Араб Лигасы Сирияга аскерий чара көрүүгө макулдук берди


Араб Лигасы Сириядагы Башар Асаддын режимине каршы аскерий чара көрүү демилгесин колдоду. Лиганын Каирде өткөн жыйынында 21-августтагы химиялык чабуулдар үчүн жоопкерчиликти Асаддын режимине жүктөп, бул үчүн тиешелүү адамдарды жоопко тартуу боюнча резолюция кабыл алынды. Буга чейин АКШ Сирия өкмөтү 21-августта Дамасктын айланасындагы райондордо жайкын тургундарга каршы химиялык курал колдонгонун, мындан 1400дөн ашык адам каза болгонун билдирип чыккан. Жекшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри химиялык курал колдонулду делген жерден табылган кан жана чачтын бөлүкчөлөрүндө зариндин издери калганын ачыкка чыгарган.

Ошондой эле Керри АКШ конгресси Сириядагы аскерий операцияга макулдугун берет деп ишенерин шардана кылган. Буга чейин президент Барак Обама бул боюнча чечимди Конгресс менен макулдашарын билдирген. Конгресс бул маселени 9-сентябрда каникулдан келгенде караары күтүлүүдө. Ал арада Сириянын президенти Башар Асад өлкөнүн куралдуу күчтөрү толук даярдыкка келтирилгенин жана тышкы агрессиянын түрдүү формасынан коргонууга даяр экенин эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG