Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

БУУ жана АКШ ирандык качкындардын өлтүрүлүшүн айыптады


БУУ жана АКШ Ирактын аймагында 50дөн ашык ирандык качкындардын өлтүрүлүшүн айыптады. Багдаддан 60 чакырым алыс, түндүктөгү Ашраф лагеринде сүргүндө жүргөн Иран оппозициясынын “Мужахеддин Халк” уюму жекшембиде Ирактын коопсуздук күчтөрү чабуул койгонун билдирип чыккан.

Бирок расмий Багдад мындай маалыматты четке кагууда. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Ашрафтагы окуяны трагедиялуу деп атап, Ирак бийликтерин тыкыр териштирүүгө чакырды. АКШнын мамлекеттик департаменти болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды.

“Мужахеддин Халк” уюму Ирандагы азыркы режимге каршы чыккан оппозициялык уюм. Ал Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин учурунда Багдадга атайын лагер ачкан. Бул лагерде 3 миңдей качкын да жашайт.

XS
SM
MD
LG