Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:16

Акыйкатчы институтун өнүктүрүүгө арналган жыйын өтөт


3-сентбрда өтчү жыйынды Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети уюштурууда. Анда Кыргызстандагы Акыйкатчы институтунун маселелери жана өнүктүрүүнүн жолдору талкууланат. Иш-чарага акыйкатчылыкка тапалкерлер да катышмакчы.

Жогорку Кеңеш акыйкатчыны сентябрь айында тандашы керек. Бул орун үчүн 54 талапкер өз арызын тапшырган.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду Жогорку Кеңеш июнь айында, “кылмыш дүйнөсүнүн анабашы” делген Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушуна катышы бар деп акыйкатчылыктан бошоткон. Ал Жогорку Кеңештин токтомун жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылган. Бирок сот арызын канааттандырган эмес.(BkA)

XS
SM
MD
LG