Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:15

Баткенде куралчан тажик жарандары кармалды


Баткен облусунун Ак-Чечек айылынын аймагында ок атуучу куралдар менен Тажикстандын төрт жараны кармалды. Алар 1-сентябрь күнү Чек ара кызматкерлери тарабынан колго түшкөн. Сурак маалында Кыргызстанга аңчылык кылуу максатында өткөнүн айтышкан.

Мамлекеттик Чек ара кызматынын басма сөз менен иштөө бөлүмүнүн өкүлү Сажида Чоколоева “Азаттыкка” билдиргендей, алардан 2 даана снайпер мылтык жана 3 даана беш атар табылган. Колго түшкөндөрдүн баары камуфляж кийип алышкан.

Аларга мамлекеттик чек араны уруксатсыз кесип өтүп, жашыруун аңчылык кылып жатат деген айып тагылууда. Учурда алардын иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде каралып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG