Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Беларуста орусиялык ишкерге кылмыш иши козголду


Беларуста бийликтер Орусиянын калий чыгаруучу "Уралкалий" ишканасынын көпчүлүк акцияларын кармаган Сулейман Керимовдун ишин тергеп баштады.

Өлкөнүн Тергөө комитетинин маалымат катчысы билдиргендей, "Уралкалийдин" акцияларынын 25 пайызына ээлик кылган Орусиянын эң бай жарандарынын бири болгон Керимовду кармоого буйрук чыкты.

Катчыга ылайык, Керимов кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө, бул кине менен соттолгон адам 10 жылга чейинки мөөнөткө кесилиши мүмкүн. "Уралкалийдин" баш директору Владислав Баумгертнер өткөн аптада Минскиде ушул эле кине менен кармалган.

Баумгертнер жетектеген "Уралкалий" ушул жайда "Беларуськалий" менен биргелешкен компаниядан чыгып кеткенден кийин бул компаниянын акциялары кескин арзандап кетип, беларус экономикасы залалга учураган эле.

XS
SM
MD
LG