Алматыда концертте жараат алган сегиз киши ооруканада кала берүүдө. Белгилүү эстрадалык ырчынын концертинде чыккан тополоңдо 90 кишиге медициналык жардам көрсөтүлдү.
Кайрат Нуртастын ишемби күнкү концертинде сахнага жакын келиш үчүн көрөрмандар полициянын тосмосун бузуп өткөн эле. Ырчы концертин токтотуп койгондо, нааразылар сахнага таш, айнек шише ыргытышкан. Ызы-чуудан кийин полиция 165 чакты кишини камакка алган.