Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Франция премьери химиялык курал боюнча “далилдерди” келтирди


Франциянын премьери Жан-Марк Эро дүйшөмбү күнү өлкөнүн парламентине чалгындоо кызматынын маалыматын ачыкка чыгарды. Ага ылайык Сириянын президенти Башар Асаддын бийлиги химиялык курал колдонгон. Эро кошумчалагандай, Франциянын президенти Франсуа Олланд Сирия бийлигине каршы коалицияны тезинен куроо аракетин көрүүдө.

АКШнын президенти Барак Обама аскерий чараны колдонуу чечимин чыгарды, чечимди Конгресс жактырышы зарыл. Британиянын парламенти өткөн аптада өлкөнүн Сириядагы аскерий операцияга катышпоосу үчүн добуш берди.

Дүйшөмбү күнү Башар Асад франциялык Le Figaro гезитине маек куруп, анын өкмөтү химиялык курал колдонбогонун дагы бир жолу билдирди. Асаддын айтымында аскерий кийлигишүү аймакка коркунуч келтирет, ал эми Франциянын АКШнын турумун колдошу Париж үчүн көйгөлөрдү жаратат.

Орусиянын президенти Владимир Путин химиялык куралдын колдонулушу боюнча далилдер келтирилиши керек деп эсептейт. Ал Мамлекеттик Думанын Федерация Кеңешинин америкалык Конгресске Сирия боюнча сүйлөшүү үчүн делегация жөнөтүү чечимин дүйшөмбү күнү колдоду.

XS
SM
MD
LG