Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:52

Мушаррафка адам өлтүрүү боюнча дагы бир айып тагылды


Пакистандын полициясы өлкөнүн мурдагы президенти Первез Мушаррафка адам өлтүрүү боюнча дагы бир күнөө койду. 2007-жылы аскерлер тарабынан Исламабаддагы мечит чабуулга алынып, радикал исламчы Абдула Рашид Гази каза болгон. Армиянын ал операциясы учурунда жүздөн ашуун адам каза тапкан. Пакистанды 1999-2008-жылдары башкарган Мушарраф азыр үй камагында. Мындан бир аз мурдараак Мушарраф премьер Беназир Бхуттонун өлүмүнө тиешеси бар деп күнөөлөнгөн. Первез Мушарраф бардык айыптарды четке кагууда.
XS
SM
MD
LG