Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

УКМК оппозиция пландарын ачыктаган тасманы жарыялады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети оппозициянын өлкөдөгү абалды курчутуу планын ачыктаган видео таратты. 2-сентябрь күнү Коомдук биринчи каналдан көрсөтүлгөн видеодо Эрланбек Өмүралиев аттуу жаран оппозициянын мүчөлөрү Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 8-10-сентябрь күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясын цианид менен уулоону пландаганын айтып берген.

Оппозиция өкүлдөрү видеодо айтылган сөздөр чындыкка дал келбестигин белгилешүүдө. Садыр Жапаров “Азаттыкка” бул аракетти элге оппозицияны жек көрсөтүү максатында бийликтин уюштурган чагымы деп сыпаттады.

Оппозициянын пландары делген билдирүүнү айтып берген Эрланбек Өмүралиев Соң-Көлдө 24-августта өткөн оппозициялык топтордун жыйынынын уюштуруучусу экени айтылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Улуттук биринчи каналдан көрсөтүлгөн видео атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан тартылганын "Азаттыкка" тастыктады.(SE)

XS
SM
MD
LG