Жаштар арасында ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган “Бизнес-кейс боюнча чемпионат” аттуу долбоор уланат. Аны Development partnership foundation уюму “Сорос-Кыргызстан” фондунун каржылык көмөгү менен ишке ашыра баштады.
Долбоордун кызматкери Азиза Мурзашева “Азаттыкка” билдиргендей, күз айларында Ош, Каракол жана Бишкек шаарларындагы жаштар топтору тажрыйбалуу адистер тарабынан ишкерликке окутулат.
Тандап алынган топторго ишкерликке багытталган татаал тапшырмалар берилип, жеңип алгандарга ишкерлик баштоо үчүн багыттама каражат берилет. Андан сырткары, ийгиликтүү компаниялардан тажрыйба алууга жолдомо алышат.
Бул долбоор 2012-жылы да ишке ашып, “Сорос-Кыргызстан” фондунун эң мыкты долбоору деп табылган. (SE)