Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:11

Осмонов: УКМК тасмасын комиссия текшериши керек


Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов Коомдук биринчи канал аркылуу көрсөтүлгөн УКМКнын тасмасын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүшү керек деп эсептейт. Депутаттын “Азаттыкка” айтымында, видеодо оппозициянын пландары жөнүндө Эрланбек Өмүралиевдин айткандарынын негизинде кылмыш иши козголуп, дыкат иликтениши керек.

Коомдук биринчи канал аркылуу 2-сентбярь күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети оппозициянын өлкөдөгү абалды курчутуу планын ачыктаган видеону көрсөткөн. Тасмада Эрланбек Өмүралиев деген адам оппозициянын мүчөлөрү Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 8-10-сентябрь күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясын цианид менен уулоону пландаганын айтып берген.

Тасмада уюштуруучулардын катарында депутат Курманбек Осмоновдун коомдук жардамчысы Чынгыз Капаров да бар экени айтылган болчу. Оппозиция өкүлдөрү бул тасманы бийликтин чагымы катары сыпаттоодо. (SE)

XS
SM
MD
LG